2023-жылы Жогорку технологиялар паркынын резиденти болгондон бери DATAxWAY компаниясы веб жана мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу тармагында олуттуу өсүшкө жана өнүгүүгө жетишти. Парктын колдоо көрсөтүүчү экосистемасы биздин өнүгүүбүздө негизги ролду ойноп, дүйнөлүк рынокто атаандаштык артыкчылыкка ээ болушубузга өбөлгө түздү. Жогорку технологиялар паркынын көмөгү менен биз эл аралык деңгээлде баалуу өнөктөштүк мамилелерди түзүп, өлкө чегинен тышкары кардарлар базабызды кеңейттик. Бүгүнкү күндө долбоорлорубуздун олуттуу бөлүгү дүйнөлүк IT-коомчулукка багытталган. Парк — бизнестин масштабын кеңейтүүгө, инновацияларды ишке ашырууга жана санариптик индустриянын өнүгүшүнө толук кандуу салым кошууга мүмкүнчүлүк берген аянтча.









