HTP Logotype.

ICT Week Uzbekistan 2026 жыйынтыгы: Кыргызстан үчүн сыйлык, ТМУ меморандуму жана КР ЖТПнын катышуусу

Кыргызстан салык чөйрөсү боюнча АТРда 1-орунду алды, ТМУ MoUсуна кол коюп, ЖТП резиденттерин Ташкенттеги CAExте да тааныштырды.

Ташкент, Өзбекстан — Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын (КР ЖТП) делегациясы Борбордук Азиядагы эң ири технологиялык иш-чаралардын бири болгон ICT Week Uzbekistan 2026 жумалыгына катышты. Иш-чара ар кайсы өлкөлөрдүн технопарктарынын, инновациялык уюмдарынын, венчурдук фонддорунун, стартаптарынын жана технологиялык компанияларынын өкүлдөрүн бириктирди.

Программанын негизги иш-чараларынын бири 2026-жылдын 23-сентябрында CAEx көргөзмө комплексинде өткөн OTS Technology Forum болду. Форумдун алкагында панелдик талкуулар, Кыргызстандын ИТ-потенциалын тааныштыруу, Түрк мамлекеттери уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн технологиялык уюмдарынын ортосунда көп тараптуу Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу, ошондой эле КР ЖТПга Startup Ecosystem Awards 2026 эл аралык сыйлыгын тапшыруу аземи өттү.

Кыргызстан — инноваторлор үчүн салыктык чөйрө боюнча лидер

Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы Startup Ecosystem Awards 2026 сыйлыгында Best Taxation Environment for Innovators in Asia Pacific номинациясы боюнча сыйлыкка ээ болду.

StartupBlink эл аралык изилдөө платформасы тарабынан даярдалган Innovators Business Environment Index 2026 жыйынтыгына ылайык, Кыргызстан Азия-Тынч океан аймагында Taxation категориясы боюнча 1-орунду ээледи.

Бул категория стартаптардын, ишкерлердин жана инновацияга багытталган компаниялардын ишмердүүлүгүнө түздөн-түз таасир эткен салыктык шарттарды баалайт.

Кыргызстан үчүн мындай таануу технологиялык ишкердикти өнүктүрүү үчүн түзүлгөн шарттардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн эл аралык деңгээлде тастыктаган маанилүү көрсөткүч болуп саналат. Адам капиталы, инфраструктура, инвестицияларга жана эл аралык рынокторго жеткиликтүүлүк менен катар салыктык чөйрө инновациялык бизнести ачуу жана масштабдоо үчүн өлкөнү тандоодогу маанилүү факторлордун бири бойдон калууда.

ТМУ алкагында Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду

OTS Technology Forumдун маанилүү жыйынтыктарынын бири Түрк мамлекеттери уюмунун мейкиндигинде кызматташтыкты, санариптик технологияларды, инновацияларды жана стартап-экосистемаларды өнүктүрүүгө багытталган Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга (MoU) кол коюу болду.

Меморандум беш алдыңкы технологиялык уюмду бириктирди:

  • Азербайжан Республикасынын Инновациялар жана санариптик өнүгүү агенттиги (IDDA);
  • Казакстандын Astana Hub автономдуу кластердик фонду;
  • Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын Дирекциясы;
  • Түркиянын Bilişim Vadisi технологиялык борбору;
  • Өзбекстандын программалык продуктылар жана маалыматтык технологиялар технологиялык паркы — IT Park Uzbekistan.

Документ ТМУ өлкөлөрүнүн технологиялык экосистемаларынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү, жыл сайын Технологиялык форум өткөрүүнү, биргелешкен акселерациялык программаларды, ментордук демилгелерди жана воркшопторду ишке ашырууну, ошондой эле стартаптардын катышуучу өлкөлөрдүн рынокторуна чыгуусуна көмөк көрсөтүүнү карайт.

Тараптар ошондой эле глобалдык технологиялык тренддер боюнча маалымат алмашууну өнүктүрүүнү жана биргелешкен хакатондорду, семинарларды, көргөзмөлөрдү жана башка демилгелерди өткөрүүнү көздөшөт.

Меморандум тараптардын ниеттерин чагылдырат жана юридикалык милдеттенмелерди жаратпайт. Документ бардык катышуучулар тарабынан кол коюлгандан кийин күчүнө кирет, беш жылга эсептелген жана автоматтык түрдө узартууну карайт.

Чубак Темиров OTS Technology Forumдун панелдик сессиясында сөз сүйлөдү

КР ЖТП директорунун орун басары Чубак Темиров ТМУ өлкөлөрүнүн бирдиктүү инновациялык экосистемасын өнүктүрүүгө арналган форумдун негизги панелдик сессиясында сөз сүйлөдү.

Талкуунун борборунда стартаптарды колдоонун улуттук программаларын интеграциялоонун практикалык механизмдери жана технологиялык компаниялардын аймактагы өлкөлөрдүн рынокторуна натыйжалуу чыгуусуна көмөк көрсөтүүчү трансчегаралык soft-landing сервистерин өнүктүрүү маселелери болду.

Катышуучулар ошондой эле венчурдук капиталдын аймактык тармактарын өнүктүрүү, стартаптардын инвестициялык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана келечектүү ИТ-продукттарды эл аралык рынокторго биргелешип чыгаруу үчүн технологиялык парктардын ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү маселелерин талкуулашты.

Жасмин Эшмамбетова Кыргызстандын ИТ-рыногун тааныштырды

OTS Technology Forumдун алкагында КР ЖТПнын Глобалдык өнүгүү бөлүмүнүн жетекчиси Жасмин Эшмамбетова Парктын ишмердүүлүгүн жана Кыргыз Республикасынын технологиялык секторунун мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды.

Катышуучулар Кыргызстандын ИТ-рыногунун өнүгүү динамикасы, КР ЖТПнын атайын режими, технологиялык компаниялар үчүн колдонулуп жаткан салыктык преференциялар жана укуктук механизмдер менен таанышышты.

Өзгөчө көңүл тармактын экспорттук потенциалына, Парктын резиденттеринин практикалык кейстерине жана технологиялык чечимдерине, ошондой эле эл аралык компаниялар жана өнөктөштөр менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүнө бурулду.

КР ЖТП жана резиденттер көргөзмө аянтчасында

ICT Week Uzbekistan 2026 алкагында КР ЖТПнын расмий экспозонасы иштеп, анда Парктын стратегиялык өнөктөшү AI Academy (@aiacademy.kg) жана төмөнкү резидент-компаниялар тааныштырылды:

  • Iprofi ERP — бизнес-процесстерди автоматташтыруу жана ишканалардын ресурстарын пландаштыруу боюнча комплекстүү системаларды иштеп чыгуучу;
  • Enji AI — ички ИТ-процесстерди оптималдаштыруу үчүн жасалма интеллекттин негизиндеги чечимдерди иштеп чыгуучу;
  • Sakaris – AI Safety Compliance for truck dispatchers — логистика жана жүк ташууларды диспетчерлөө чөйрөсүндөгү коопсуздук стандарттарын жана комплаенсти көзөмөлдөөгө багытталган адистештирилген ЖИ-платформа.

Стендде компаниялар өздөрүнүн санариптик өнүмдөрүн жана чечимдерин көрсөтүп, потенциалдуу өнөктөштөр, инвесторлор жана эл аралык технологиялык коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүштү.

Экспозона эл аралык катышуучулар үчүн Кыргызстандын ИТ-рыногунун мүмкүнчүлүктөрү, КР ЖТПнын атайын режиминин шарттары жана кыргызстандык иштеп чыгуучулардын экспорттук потенциалы менен таанышуу аянтчасы да болду.

КР ЖТПнын катышуусунун жыйынтыктары

ICT Week Uzbekistan 2026 иш-чарасына катышуу КР ЖТП жана Кыргызстандын технологиялык экосистемасы үчүн бир катар маанилүү окуяларды бириктирди: өлкөнүн салыктык чөйрөсүнүн эл аралык деңгээлде таанылышы, ТМУ алкагында кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча көп тараптуу меморандумга кол коюу, аймактык инновациялык экосистеманын келечеги боюнча стратегиялык диалогго катышуу жана кыргызстандык технологиялык компанияларды эл аралык аудиторияга тааныштыруу.

Алынган сыйлык, ТМУ өлкөлөрүнүн технологиялык уюмдары менен кызматташтыкты өнүктүрүү жана КР ЖТПнын резиденттеринин эл аралык көргөзмөгө катышуусу Кыргызстандын ИТ-потенциалын илгерилетүү, ишкердик байланыштарды бекемдөө жана кыргызстандык технологиялык компаниялардын чет өлкөлүк рынокторго чыгуусу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.