
Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркы ICT Week Uzbekistan иш-чарасында
Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы өлкөнүн ИТ-потенциалын ICT Week Uzbekistan 2026 иш-чарасында тааныштырат
Бишкек, Кыргызстан — Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын (ЖТП КР) делегациясы Борбордук Азиядагы эң ири технологиялык окуялардын бири — Эл аралык маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жумалыгы болгон ICT Week Uzbekistan 2026 иш-чарасына катышат. Иш-чара Ташкент шаарында өтөт жана үстүбүздөгү жылы «Land of Startups» стратегиялык урааны алдында технологиялык ишкердик темасына багытталган.
Интеграциялык күн тартибинин негизги окуясы болуп, 2026-жылдын 23-сентябрында CAEx көргөзмө комплексинин базасында (2-зал) өтө турган OTS Technology Forum саналат. Форум бирдиктүү санариптик экосистеманы калыптандыруунун практикалык механизмдерин иштеп чыгуу үчүн Түрк мамлекеттери уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн алдыңкы технопарктарынын жетекчилерин, венчурдук инвесторлорун жана инновациялык ведомстволорунун өкүлдөрүн бириктирүүгө багытталган.
Панелдик сессияга стратегиялык катышуу
ЖТП КР директорунун орун басары Чубак Темиров форумдун негизги панелдик сессиясында спикер катары чыгып сүйлөйт. Дискуссиянын алкагында ТМУга мүчө өлкөлөрдүн ИТ-ведомстволорунун жетекчилери төмөнкү стратегиялык милдеттерди чечүүгө көңүл бурушат:
- Колдоо инфраструктурасын интеграциялоо: улуттук акселерациялык программаларды синхрондоштуруу жана аймак ичинде технологиялык компаниялардын тоскоолдуксуз масштабдалышы үчүн өз ара трансчегаралык «софт-лендинг» (soft-landing) кызматтарын түзүү.
- Венчурдук капиталды өнүктүрүү: стартаптардын каржылык ресурстарга жетүүсүн жөнөкөйлөтүү үчүн инвестициялык фонддорду консолидациялоо жана аймактык тармактарды кеңейтүү.
- Глобалдык экспансия: келечектүү ИТ-продукцияларды эл аралык рынокторго биргелешип чыгаруу максатында технологиялык парктардын ортосундагы ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү.
Кыргызстандын жетишкендиктерин жана ИТ-рыногун тааныштыруу
Форумдун алкагында КР ЖТПнын Глобалдык өнүгүү бөлүмүнүн жетекчиси Эшмамбетова Жасминдин чыгып сүйлөөсү пландаштырылган. Презентациянын жүрүшүндө форумдун катышуучулары Парктын учурдагы ишмердүүлүгү, Кыргыз Республикасынын ИТ-рыногунун өсүү динамикасы, ошондой эле ЖТПнын өзгөчө режиминин уникалдуу инвестициялык жагымдуулугун камсыз кылган колдонуудагы салыктык преференциялар жана укуктук механизмдер тууралуу биле алышат.
Өз чечимдерин чет өлкөлүк рыноктордо ийгиликтүү масштабдап жаткан Парктын резиденттеринин практикалык кейстерин, экспорттук жетишкендиктерин жана технологиялык ийгиликтерин көрсөтүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
ЖТПнын көргөзмө экспозонасы
Муну менен катар, форумда ЖТПнын расмий көргөзмө экспозонасы уюштурулат. Ал жерден Парктын стратегиялык өнөктөшү — AI Academy’нин (@aiacademy.kg) санариптик өнүмдөрү жана акылдуу чечимдери, ошондой эле ЖТПнын резидент-компаниялары тууралуу кененирээк билүүгө болот:
- «Iprofi ERP» — бизнес-процесстерди автоматташтыруунун жана ишканалардын ресурстарын пландаштыруунун комплекстүү системаларын иштеп чыгуучу;
- «Enji AI» — ички ИТ-процесстерди оптималдаштыруу үчүн жасалма интеллект технологияларынын базасында илимий сыйымдуулуктагы чечимдерди түзүүчү;
- «Sakaris - AI Safety Compliance for truck dispatchers» — логистика жана жүк ташууларды диспетчерлөө чөйрөсүндө коопсуздук стандарттарын жана комплаенсти контролдоо үчүн атайын ЖИ-платформасы.
ЖТПнын көргөзмө аянтчасы эл аралык инвесторлор менен түз байланыштарды түзүү, ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана трансчегаралык өнөктөштүктүн келечегин талкуулоо үчүн расмий B2B-платформасы катары кызмат кылат. ЖТП КР эл аралык кесиптештерди, венчурдук фонддордун өкүлдөрүн жана потенциалдуу буйрутмачыларды Парктын преференциялары жана кыргызстандык иштеп чыгуучулардын коммерциялык сунуштары менен деталдуу таанышуу үчүн улуттук стендге келүүгө чакырат.
ЖТП КР делегациясынын негизги иш-чараларын өткөрүү жөнүндө маалымат:
- Датасы жана убактысы: 2026-жылдын 23-sentyabry, башталышы саат 12:00дө (жергиликтүү убакыт боюнча).
- Өткөрүлүүчү орду: Ташкент ш., CAEx көргөзмө комплекси (Central Asian Expo Uzbekistan), 2-зал.