HTP Logotype.

Science Tech 2026: илим, ИИ жана инновациялар Бишкекте өтөт

Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Кытай жана Польшадан окумуштуулар баяндама жасайт, ал эми конференциянын жыйынтыгы боюнча резолюция өкмөткө жиберилет.

2026-жылдын 18-сентябрында Бишкекте Science Tech 2026 эл аралык илимий-техникалык конференциясы өтөт.

Конференцияга Борбор Азиянын жана башка өлкөлөрдүн окумуштуулары, жаш изилдөөчүлөрү, IT тармагынын, мамлекеттик сектордун жана бизнестин өкүлдөрү катышат. Программанын негизги темалары - жасалма интеллект, санариптик экономика, жашыл технологиялар, санариптик медицина жана илимий-технологиялык экосистеманы өнүктүрүү.

Доктор Асель Сартбаева Science Tech 2026 эл аралык конференциясынын башкы баяндамачысы болот

Дүйнөгө таанымал окумуштуу-биохимик, доктор Асель Сартбаева Science Tech 2026 Эл аралык илимий конференциясына башкы баяндамачы (хедлайнер) катары чакырылды.

Доктор Сартбаева вакциналарды бөлмө температурасында сактоого мүмкүндүк берген энсиликация (ensilication) ыкмасы боюнча иштеп чыгуулары, ошондой эле Бат университети жана Кембридж университети сыяктуу алдыңкы эл аралык илимий борборлордогу көп жылдык изилдөө иштери менен белгилүү.

Science Tech 2026 программасынын алкагында Асель Сартбаева биотехнология тармагындагы заманбап жетишкендиктер, илимий иштеп чыгууларды практикага киргизүү жана аралаш илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү маселелери боюнча баяндама жасайт.

Конференцияда кайсы темалар талкууланат

Science Tech 2026 конференциясынын программасы төрт негизги багытты камтыйт:

  • Дисциплиналар аралык изилдөөлөр жана жасалма интеллект - мамлекеттик органдардын, университеттердин, илимий чөйрөнүн жана бизнестин өз ара кызматташуусу.
  • Илим жана бизнес - технологияларды коммерциялаштыруу, билимди берүү жана технологияларды өткөрүп берүү, ошондой эле терең технологиялар багытын өнүктүрүү.
  • STEM-билим берүү - илимпоздордун, инженерлердин жана технологиялык ишкерлердин жаңы муунун даярдоо.
  • Туруктуу өнүгүү үчүн жасалма интеллект жана келечектин технологиялары - туруктуу өнүгүү маселелерин чечүүдө жасалма интеллектти жана инновацияларды колдонуу.

Илим, технология жана бизнестин экспертер

Science Tech 2026 конференциясына Кыргызстан, Улуу Британия, АКШ, Кытай, Япония, Таиланд, Индонезия жана башка өлкөлөрдөн 19 эксперт катышат. Алардын арасында илимпоздор, ишкерлер, IT адистери, изилдөөчүлөр жана технологиялык компаниялардын өкүлдөрү бар.

  • Доктор Асель Сартбаева - Ensilicated Technologies Ltd компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директору, Улуу Британия.
  • Алмаз Чаначев - EPAM IT компаниясынын директору.
  • Шамиль Ибрагимов - MIT Kuo Sharper Center for Prosperity and Entrepreneurship борборунун изилдөөлөр боюнча директору.
  • Доктор Жамиля Клычева - Лос-Анджелестеги Acertas компаниясынын бизнес-аналитиги.
  • Илияс Джеентаев - ArtSkin DeepTech стартапынын негиздөөчүсү жана инженери.
  • Александра Соловьева - БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү.
  • Тан Сяобин - Урумчий кесиптик университетинин профессору жана президенти.
  • Павел Панков - илимий изилдөөлөрдү компьютерлештирүү боюнча адис, профессор жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү.
  • Джеймс С. Апкер - англис тилин чет тили катары окутуу, маданияттар аралык коммуникация жана эл аралык билим берүү боюнча адис.
  • Даниэль Абдылдаев - Accelerate Prosperity компаниясынын инвестициялар боюнча директору жана chANGELS тармагынын негиздөөчүсү.
  • Артем Беляев - окутуучу жана Кыргызстандагы спорттук программалоо боюнча уюштуруу комитетинин өкүлү.
  • Улан Абдуразаков - Nineninesixai.ai компаниясынын башкы директору.
  • Мырза Каримов - Борбордук Азия университетинин кооперативдик билим берүү программасынын жетекчиси.
  • Эрхан Адаев - AI Academy академиясынын директору жана Euler билим берүү технологиялары стартапынын негиздөөчүсү.
  • Азизбек Абдрахимов - Qatar Insurance Company компаниясынын Digital Hub бөлүмүндө жасалма интеллект жана маалыматтар боюнча менеджер.
  • Доктор Масаму Камага - Азия технологиялык институтунун чакырылган окутуучусу, Маранафа университетинин чакырылган профессору жана EduSphere Co., Ltd. компаниясынын башкы директору.
  • Мадина Самакбаева - химик, инженер-эколог жана Zero Waste компаниясынын техникалык директору.
  • Урмат Джункеев - Digital компаниясынын машиналык окутуу боюнча инженери.
  • Ник Хабер - Certiport компаниясынын глобалдык өнөктөштүк боюнча директору жана Global Digital Literacy Council уюмунун төрагасы.
  • Койчуманов Талайбек Джумашевич - экономист, экономика илимдеринин доктору, профессор, ошондой эле Кыргызстандын экономика министри кызматын аркалаган мамлекеттик ишмер.

35 илимий макала жана баяндама

Конференциянын илимий программасы 35тен ашык изилдөө ишин жана баяндаманы камтыйт.

Темалар билим берүүдө жасалма интеллектти колдонуудан жана мамлекеттик башкаруудан тартып санариптик экономикага, миграциялык саясатка, саламаттык сактоого, экологиялык туруктуулукка жана IT адистерин даярдоого чейин кеңири маселелерди камтыйт.

Изилдөөлөрдүн арасында ChatGPT жана башка жасалма интеллект инструменттерин билим берүүдө колдонуу, санариптик эгемендүүлүк, миграциялык процесстерди башкарууда чоң көлөмдөгү маалыматтарды колдонуу, жашыл экономика жана жасалма интеллекттин Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө тийгизген таасири тууралуу эмгектер бар.

Илим, технология жана аймак үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр

Science Tech 2026 илимий билим жана технологиялык тажрыйба менен бөлүшүү, ошондой эле изилдөөчүлөрдүн, университеттердин, компаниялардын жана мамлекеттик уюмдардын ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн аянтча болот.

Конференция Борбор Азиянын технологиялык экосистемасын өнүктүрүү үчүн маанилүү: ал фундаменталдык изилдөөлөрдү, колдонмо иштеп чыгууларды жана ишкердикти бирдиктүү кесиптик мейкиндикке бириктирет.

Science Tech 2026 кайсы жерде өтөт

Конференция 2026-жылдын 18-сентябрында Бишкектеги U Nexus Hub аянтчасында, Чүй проспектиси, 255 дарегинде өтөт.

Иш-чаранын программасы конференциянын расмий сайтында жарыяланат. Катталууга азыртадан эле болот.

Science Tech 2026 Эл аралык илимий конференциясы төмөнкү уюмдардын биргелешкен колдоосу астында өткөрүлөт:

  • Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы (КР ЖТП)
  • Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы (КР УИА)
  • Кыргызстан Эл аралык университети (КЭУ)
  • AI Academy
  • U Nexus Hub