HTP Logotype.

AI Camp Ak-Tüz 2026: Айылдар үчүн жасалма интеллект

23-июлда Ак-Түздө аймагына карабастан, технологиялык келечек ар бир адам үчүн жеткиликтүү экенин көрсөткөн көчмө лагерь өттү.

Генеративдик ИИ, open-source моделдери жана астрономия сыяктуу сыяктуу заманбап технологияларды курагына карабай ар бир катышуучуга кантип жакын жана түшүнүктүү кылуу керек?

Буга жооп катары AI Camp Ak-Tüz өттү - бул Чүй облусунда практикалык IT-баяндамаларды, илимий-популярдуу зоналарды, арт-өнөрканаларды жана этно-фестивальды бир аянтчага бириктирген масштабдуу интенсив болду.

Иш-чара жергиликтүү айыл өкмөтүнүн, Жогорку технологиялар паркынын (ЖТП КР) жана AI Академиясынын колдоосу менен уюштурулду.

Лагердин программасы IT-практиканы астрономия, спорт жана искусство менен айкалыштырып, бир нече багытты камтыды. Club 13 Super Nova долбоорунун жаш иштеп чыгуучулары өздөрүнүн ИИ-долбоорлорун тартуулашса, спикер Эмир Сатыкенов ачык жана жабык системалардын (Kimi K3+) тенденцияларын жана үн ИИ-агенттеринин колдонулушун талдап берди. Муну менен катар Astro Center командасы чыныгы обсерватория куруп, күндүз катышуучулар Күндү атайын чыпкалар аркылуу карашса, кечинде ачык космосту изилдешти. Майрамдык маанайды арт-зооналар, спорттук турнирлер, дем алуу практикалары, «Эхо Гор» музыкалык фестивалы жана ретро-дискотека коштоду.

AI Camp Ak-Tüz аймактык билим берүү форматынын жогорку натыйжалуулугун далилдеди. Уюштуруучулар бул демилгени андан ары өнүктүрүүнү жана ийгиликтүү тажрыйбаны өлкөнүн башка аймактарына жайылтууну пландаштырууда.