КР Жогорку технологиялар паркы Gamescom 2026 көргөзмөсүнө кайтып келет
КР ЖТП өлкөнүн иштеп чыгуучуларын жана студияларын Кельндеги дүйнөдөгү эң ири видеооюн көргөзмөсүндө экинчи ирет тартуулайт.
КЫРГЫЗСТАНДЫН ГЕЙМДЕВ-ЭКОСИСТЕМАCЫ
Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы (КР ЖТП) компьютердик жана видеооюндар тармагындагы дүйнөлүк эң ири масштабдагы Gamescom көргөзмөсүнө экинчи ирет катышат. Бул сапарда өлкөбүздүн ылдам өсүп жаткан геймдев-экосистемасы эл аралык коомчулукка кеңири тааныштырылмакчы.
Аталган салтанаттуу иш-чара 2026-жылдын 26-августунан 30-августуна чейин Германиянын Кельн шаарында өтөт. Ал эми КР ЖТП делегациясы 26-августтан 28-августка чейин 3.2-залдагы B өтмөгүндө жайгашкан 051g стендиде иш алып барат.
Кыргызстандын Gamescom аянтчасына кайрадан кайтып келиши өлкөбүздүн глобалдык оюн индустриясына барган сайын тереңдеп кирип жатканын далилдейт. Иш-чаранын алкагында ата мекендик IT-сектордун дарамети толугу менен көрсөтүлмөкчү - б.а. автордук оригиналдуу оюндарды жаратуудан тартып, эл аралык ири долбоорлор үчүн жогорку сапаттагы визуалдык контент даярдоого чейинки мүмкүнчүлүктөр сунушталат.
Сапардын негизги максаты: Эл аралык издательдер, инвесторлор жана оюн студиялары өнөктөштүк мамилелерди чыңдоо, мекендеш талантыбызды дүйнөгө таанытуу, биргелешкен өндүрүш (co-production) долбоорлорун табуу жана чет элдик компанияларды Кыргызстандын технологиялык мүмкүнчүлүктөрү менен жакындан тааныштыруу.
Өлкө Борбордук Азиядагы стратегиялык жайгашуусун, атаандаштыкка жөндөмдүү операциялык чыгымдарды, адистердин өсүп жаткан коомчулугун жана мамлекеттик колдоону айкалыштыруу менен эл аралык технологиялык компаниялар үчүн келечектүү багыт катары өз позициясын чыңдоодо. Юридикалык жакты каттоо 3 жумушчу күнгө чейинки убакытты алат (анын ичинде аралыктан каттоо мүмкүнчүлүгү бар), 100% чет элдик ээлик кылууга уруксат берилген, ал эми көп тилдүү чөйрө жана ыңгайлуу убакыт алкагы Кыргызстанды санариптик өнүмдөрдү иштеп чыгуу үчүн практикалык базага айлантат.
Көргөзмөдө улуттук делегациянын курамында эки негизги резидент-студия көрсөтүлөт:
- 4Tale Production - эл аралык аудитория үчүн оригиналдуу оюндарды түзгөн студия (портфолиосу: Steel Ark, Everwayne, Dissonators). Gamescom 2026 көргөзмөсүндө команда өзүнүн флагмандык долбоору болгон Steel Ark - постапокалипсис сеттингиндеги биринчи жактан көрүнгөн sandbox форматындагы аман калуу симуляторун көрсөтөт.
- Artmer Studio - AAA, AA класстагы долбоорлор, мобилдик оюндар жана VR үчүн визуалдык контент өндүрүү кызматтарын (концепт-арттар, айлана-чөйрө, техника, курал-жарак жана каармандар) сунуштаган эл аралык провайдер.
Gamescom 2026 көргөзмөсүнө катышуу - Кыргызстандын Борбордук Азиянын технологиялык хабы катары макамын чыңдоодогу кезектеги маанилүү кадам. 4Tale Production жана Artmer Studio студиялары өлкөнүн бүткүл IT-индустриясы үчүн жаңы горизонтторду ачып, дүйнөдөгү эң ири аренада ата мекендик геймдевди татыктуу сунуштоого даяр.
КР ЖТП делегациясы Кёльндеги аянтчада 26-августтан 28-августка чейин иш алып барат:


