
Кыргыз тилиндеги Akylai үн жардамчысынын жаңыртылган версиясы
KIT Forum 2026 форумунун алкагында Kyrgyz AI Research Institute жана Nineninesix.ai командалары тарабынан иштелип чыккан кыргыз тилиндеги Akylai үн жардамчысынын жаңыртылган версиясынын расмий бет ачары болуп өттү.
KIT Forum 2026 форумунун алкагында Kyrgyz AI Research Institute жана Nineninesix.ai командалары тарабынан иштелип чыккан кыргыз тилиндеги Akylai үн жардамчысынын жаңыртылган версиясынын расмий бет ачары болуп өттү.
Akylai — кыргыз тилин түшүнүп жана сүйлөй алган жаңы муундагы жасалма интеллект жардамчысы. Долбоор колдонуучуларга технологиялар менен өз эне тилинде иштешүүгө мүмкүнчүлүк берип, кыргыз тилиндеги санариптик чечимдерди өнүктүрүүгө жана жасалма интеллект технологияларын кеңири аудитория үчүн жеткиликтүү кылууга багытталган.
Akylai долбоорунун негизин жасалма интеллект, табигый тилди иштетүү, сүйлөө синтези жана тил технологиялары боюнча жергиликтүү адистер тарабынан иштелип чыккан чечимдер түзөт. Долбоордогу негизги технологиялардын бири — Nineninesix.ai командасы тарабынан нөлдөн баштап иштелип чыккан KANI TTS сүйлөө синтези модели. Бул технология табигый үндү жаратууга мүмкүндүк берип, 200 миңден ашык жүктөлүүгө жетишкен. Натыйжада ал Кыргызстанда иштелип чыккан мындай көрсөткүчкө жеткен биринчи AI-модель болуп калды.
Akylai долбоорун иштеп чыгууга Kyrgyz AI Research Institute институтунун адистери — Нурсултан Бакашов, Улан Абдуразаков, Денис Павлов, Михаил Туктаров, Сыймык Тологонов, Элина Айтпаева, Арсен Алмазов, Алмаз Жолдошбек уулу жана команданын башка өкүлдөрү катышкан.
Akylai түзмөгүнүн дизайны Кыргызстанда туулган Олег Ермаков негиздеген Steel Drake Studio командасы тарабынан даярдалган. Студия санариптик медиа, өнөр жай дизайны жана жасалма интеллект багытындагы эл аралык долбоорлору менен белгилүү.
Akylai долбоорунун бет ачары KIT Forum 2026нын маанилүү окуяларынын бири болуп, кыргызстандык адистердин дүйнөлүк деңгээлдеги жасалма интеллект чечимдерин түзүү мүмкүнчүлүгүн дагы бир жолу көрсөттү. Долбоор Кыргызстанда AI-технологиялардын жана санариптик инновациялардын өнүгүп жатканын айгинелейт.




