Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы GBSF 2026 алкагында IT Park Uzbekistan менен стратегиялык кызматташууну бекемдейт
Глобалдык бизнес-кызматтар форуму 2026нын алкагында тараптар эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү, аймактык инновациялык экосистемаларды өнүктүрүү жана инновациялар багытындагы биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
ЖТП жана IT Park Uzbekistan өкүлдөрүнүн жолугушуусу
Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы (ЖТП) Глобалдык бизнес-кызматтар форумуна 2026 (GBSF 2026) катышты. Форумдун алкагында ЖТПнын директору Азис Абакиров жетектеген делегация IT Park Uzbekistan паркынын башкы директору Азамат Каратамов менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуу IT Park Uzbekistan паркынын 7 жылдыгына арналды. Азис Абакиров өзбек кесиптештерин жетишкендиктери менен куттуктап, тараптар инновациялар тармагындагы эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү жана биргелешкен демилгелерди өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
2021-жылдан берки өнөктөштүк
Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы менен IT Park Uzbekistan ортосундагы кызматташтык 2021-жылдан бери Кызматташуу тууралуу меморандумдун негизинде өнүгүп келет.
Тараптар технологиялык экосистемаларды өнүктүрүү, IT кызматтарынын экспортун колдоо жана аймактын эл аралык рыноктогу позициясын бекемдөө багыттарында тажрыйба алмашып келишет.
Аймактык инновациялык демилгелерди өнүктүрүү
Жолугушуунун жүрүшүндө ЖТП аймактагы алдыңкы инновациялык экосистемаларды бириктирген Central Eurasia Innovation Hubs демилгесине кошулууга чакыруу алды.
Тараптар аймактык инновациялык экосистемаларды өнүктүрүү, борбор шаарлардан тышкаркы технологиялык хабдарды колдоо, адистерди даярдоо, инвестицияларды тартуу жана эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Кызматташуунун мындан аркы багыттары
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы IT Park Uzbekistan менен стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана санариптик экономика, инновациялар жана IT кызматтарынын экспорту багыттарында кызматташууну бекемдөөгө даяр экенин ырастады.