HTP Logotype.

Science Tech 2026 кандай өттү? Бишкектеги жыйынтык | ЖТП

Бишкекте «Science Tech - 2026: Идеялар. Инновациялар. Келечек» аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция өттү

Бишкек, Кыргызстан — Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы (ЖТП КР) негизги технологиялык жана илимий өнөктөштөрү менен биргеликте «Science Tech - 2026: Идеялар. Инновациялар. Келечек» аттуу масштабдуу Эл аралык илимий-практикалык конференциясын ийгиликтүү өткөрдү. 2026-жылдын 18-сентябрында UNexus Hub аянтчасында болуп өткөн бул иш-чара жасалма интеллект (ЖИ), DeepTech-инновациялары жана STEM-билим берүү синергиясын талкуулоо үчүн алдыңкы окумуштууларды, эл аралык эксперттерди, бизнес өкүлдөрүн, стартап-коомчулугун жана мамлекеттик органдарды бириктирди.

Конференция Эрнис Асаналиевдин кылдуу квартетинин аткаруусундагы музыка жана технологиялык өнөктөштөр менен илимий сектордун негизги жетекчилеринин куттуктоо сөздөрү менен ачылды. Катышуучуларга КР УИАнын Президенти Бекмамат Дженбаев, УИАнын академиги Асылбек Айдаралиев, БУУнунӨӨПтүн КРдагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева жана КР ЖТПнын Директору Азис Абакиров куттуктоо сөздөрүн жолдошту. Азис Абакиров өз сөзүндө Кыргызстандын санариптик көз карандысыздыгы үчүн ЖИ жана адам капиталынын стратегиялык маанилүүлүгүн өзгөчө белгиледи.

Глобалдык экспертиза жана панелдик талкуулар

Science Tech - 2026 программасы илимий-технологиялык экосистеманы калыптандырууга, илимий иштеп чыгууларды коммерциялаштырууга, STEM-билим берүүнү модернизациялоого жана Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТОМ) жетүүдөгү ЖИнин ролуна арналган үч тематикалык панелдик сессияны камтыды. Модераторлор жана спикерлер катары индустриянын таанылган лидерлери катышты: КРдагы "EPAM" компаниясынын директору Алмаз Чаначев, "Mad Devs" компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Олег Пузанов жана "AI Academy" директору, "Euler" EdTech-стартабынын негиздөөчүлөрүнүн бири Эрхан Адаев.

Гибриддик форматтагы баяндамалар менен дүйнөлүк эксперттер чыгып сүйлөштү, алардын ичинде Ensilicated Technologies Ltd компаниясынын негиздөөчүсү жана Башкы директору Асель Сартбаева (Улуу Британия), Certiport (Pearson VUE бизнеси) глобалдык өнөктөштүк боюнча директору, Санариптик сабаттуулук боюнча глобалдык кеңештин төрагасы Ник Хабер (АКШ), ошондой эле Массачусетс технологиялык институтунун (MIT) Kuo Sharper гүлдөпөнүгүү жана ишкердик борборунун илимий изилдөөлөр боюнча директору Шамиль Ибрагимов болду.

Эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүлөрүн жана алардын машыктыруучуларын сыйлоо:

Кыргызстандын жаш таланттарын сыйлоо аземи өттү. КР ЖТП спорттук программалоо боюнча Уюштуруу комитетинин өкүлү Артем Беляев менен биргеликте эл аралык олимпиадаларда жеңишке жеткен мектеп окуучуларын, ошондой эле алардын насаатчыларын жана машыктыруучуларын акчалай сертификаттар менен сыйлады. Жалпы байге фонду 80 (сексен) миң АКШ долларын түздү.

Эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүлөрүнүн тизмеси:

  1. Салиев Темирхан - Физика IPhO 2026, (Күмүш) - 5000 USD (АКШ)
  2. Акимов Ариет - Математика IMO 2026, (Күмүш) - 5000 USD (АКШ)
  3. Саят Арлан - Математика IMO 2026, (Күмүш) - 5000 USD (АКШ)
  4. Бобрус Ян - Математика IMO 2026, (Күмүш) - 5000 USD (АКШ)
  5. Мананов Рамазан - Информатика IOI 2026, (Күмүш) - 5000 USD (АКШ)
  6. Айдарбеков Алихан - Информатика IOI 2026, (Күмүш) - 5000 USD (АКШ)
  7. Саматович Эрмек Саматов - Химия IChO 2026, (Бронза) - 1000 USD (АКШ)
  8. Атахан Исираев - Биология IBO 2026, (Бронза) - 1000 USD (АКШ)
  9. Русланбеков Улукбек - Биология IBO 2026, (Бронза) - 1000 USD (АКШ)
  10. Абдиев Аскар - Физика IPhO 2026, (Бронза) - 1000 USD (АКШ)
  11. Эмилбеков Айтегин - Физика IPhO 2026, (Бронза) - 1000 USD (АКШ)
  12. Абылаев Ахмед - Физика IPhO 2026, (Бронза) - 1000 USD (АКШ)
  13. Мусахуджаев Султан - Математика IMO 2026, (Бронза) - 1000 USD (АКШ)
  14. Акенеев Тимур - Математика IMO 2026, (Бронза) - 1000 USD (АКШ)
  15. Абдирасулов Абдуллахан - Информатика IOI 2026, (Бронза) - 1000 USD (АКШ)
  16. Бобрус Ян - Информатика IOI 2026, (Бронза) - 1000 USD (АКШ)

Машыктыруучулардын тизмеси:

  1. Ишматов Махамадхан (12000 USD) - Математика
  2. Урайымов Кылычбек (11000 USD) - Информатика
  3. Жолдубай уулу Бекжол (5000 USD) - Математика
  4. Сидаренко Андрей (2000 USD) - Физика
  5. Алмурза уулу Алтынбек (2000 USD) - Физика
  6. Омурканов Тургунбек (2000 USD) - Физика
  7. Тажибаев Эльбрус (1500 USD) - Биология, Химия
  8. Темиркулов Асхатбек (1000 USD) - Биология
  9. Сатыбалдиев Дуйшон (1000 USD) - Физика
  10. Решетников Иван (500 USD) - Химия
  11. Ажыбаев Улукбек (500 USD) - Физика
  12. Сабыров Чынтемир (500 USD) - Физика
  13. Муравьев Вячеслав (500 USD) - Информатика
  14. Инатьев Анатолий (500 USD) - Информатика

Жогорку технологиялар паркынын жетекчилиги дал ушул жаштар өлкөнүн келечектеги интеллектуалдык потенциалын түзөрүн, ал эми спорттук программалоо жана так илимдер боюнча дүйнөлүк лидерлерди даярдоого зор күч-аракетин жумшаган машыктыруучуларды колдоо мамлекет жана ИТ-индустрия үчүн негизги артыкчылык болуп саналарын баса белгиледи. Акчалай сертификаттардан тышкары жеңүүчүлөргө жана алардын машыктыруучуларына эстелик белектер, КР ЖТПнын эксклюзивдүү мерчтери жана баалуу профилдик адабияттар тапшырылды.

Стартап-долбоорлордун конкурсу жана "Dive into Shenzhen"

Конференциянын алкагында технологиялык батл уюштурулуп, анда жаш окумуштуулар, изилдөөчүлөр жана студенттер өздөрүнүн илимди көп талап кылган чечимдерин сунушташты. EXPO-зонасында (UNexus Hub, 2-кабат) катышуучулар ата мекендик алдыңкы иштеп чыгуулар менен жакындан тааныша алышты.

Стартап-блоктун кульминациясы абройлуу "Dive into Shenzhen" конкурсунун жыйынтыгын чыгаруу жана жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болду. Коммерциялаштыруу, масштабдоо жана DeepTech/AI технологияларын колдонуу потенциалы жогору болгон мыкты технологиялык долбоорлор акселерациядан өтүү, инвесторлорду издөө жана бизнести эл аралык деңгээлде кеңейтүү үчүн аппараттык инновациялардын дүйнөлүк борбору болгон Шэньчжэнь (Кытай) шаарына барууга өзгөчө мүмкүнчүлүк алышты.

"Dive into Shenzhen" Hardware стартаптарынын жеңүүчүлөрү:

  1. TaalAI - Аденов Абдыкерим
  2. ArtSkin - Илияс Джеентаев
  3. KIKO - Нурислам Аширматов
  4. ELEK V1- Алмаз Базарбаев
  5. Meteora - Чолпон Жакыпова

Резерв

6. Codify - Дина Руслан
7. DroneUp- Нуртилек Рахманбердиев.

Батлдын жеңүүчүлөрүнө ошондой эле КР УИА тарабынан китептерге атайын сертификаттар жана өнөктөштөрдөн баалуу сыйлыктар берилди.

Иш-чара майрамдык фуршет-кечки тамак жана Эл аралык университеттин (МУК) Чоң залында классикалык музыканын концерти менен аяктады. «Science Tech - 2026» конференциясы Кыргызстандын Борбордук Азиядагы илимди, бизнести жана алдыңкы технологияларды келечекке ишенимдүү кадам таштоо үчүн консолидациялоого жөндөмдүү, динамикалуу өнүгүп жаткан ИТ-хаб катары макамын дагы бир жолу далилдеди.

Pearson Education Ltd. компаниясы менен кызматташтык

Конференциянын маанилүү окуяларынын бири катары КР ЖТПнын Дирекциясынын директору Азис Абакиров менен Certiport компаниясынын бизнести өнүктүрүү боюнча директору Ник Хабер өкүлчүлүк кылган Улуу Британиянын Pearson Education Ltd. дүйнөлүк билим берүү гигантынын ортосунда өз ара кызматташтык жөнүндө стратегиялык Меморандумга кол коюлду. Бул келишим Кыргызстанда санариптик технологияларды жана STEM-билим берүүнү узак мөөнөттүү өнүктүрүүгө багытталган. Өнөктөштүктүн алкагында тараптар санариптик көндүмдөрдү өстүрүү, кадрларды эл аралык деңгээлде таанылган сертификациялоодон өткөрүү, стартап-экосистеманы колдоо жана жергиликтүү IT-рыногунун глобалдык институттар менен байланышын чыңдоо үчүн күч-аракеттерин бириктиришет.