
Startup Battle: Кыргызстандагы технологиялык стартаптарды өнүктүрүү жана эл аралык рынокко чыгуу мүмкүнчүлүктөрү
KIT Forum 2026 алкагында Unicorn from KG жана Dive into Silicon Valley программаларынын финалдык Startup Battle сынагы болуп өттү.
Startup Battle: Кыргызстандын стартаптарынын глобалдык рынокко карай жолу
KIT Forum 2026 алкагындагы эң маанилүү иш-чаралардын бири Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы тарабынан ишке ашырылып жаткан Unicorn from KG жана Dive into Silicon Valley программаларынын Startup Battle сынагы болду.
Бир нече ай бою катышуучулар WeFund жана Startup Lab 119 өнөктөштөрү менен биргеликте уюштурулган преакселерациялык программанын алкагында интенсивдүү даярдыктан өтүштү. Стартап-командалар өз долбоорлорун өнүктүрүү боюнча иш алып барып, Customer Discovery (CustDev) методологиясын, инвестиция тартуу механизмдерин, MVP түзүү процесстерин, инвесторлор менен иштешүүнүн өзгөчөлүктөрүн, стартаптарда жасалма интеллект технологияларын колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн өздөштүрүштү. Ошондой эле долбоорлорду тааныштыруу жана эл алдында сүйлөө көндүмдөрүн өркүндөтүштү.
Программанын жыйынтыктоочу этабы катары KIT Forum 2026нын башкы сахнасында Startup Battle сынагы өткөрүлдү. Эксперттик калыстар тобунун, инвесторлордун жана эл аралык технологиялык коомчулуктун өкүлдөрүнүн алдында дүйнөлүк рынокко чыгууга багытталган эң келечектүү стартаптар өз долбоорлорун сунушташты.
Тандоонун жыйынтыгында Unicorn from KG программасынын жеңүүчүсү болуп төмөнкү стартап табылды:
BizOne — Нурсултан Маркисбеков
Dive into Silicon Valley программасынын жеңүүчүлөрү:
Numen — Аскар Суюналиев
FinMind — Камила Раимбекова
o-nion — Бермет Кошоева
SpeakFlow AI — Кайрат Кубатов
Helix Training — Дмитрий Гуменников
TOLT — Камила Канатбекова
AKU — Бекс Окенов
Unicorn from KG программасынын кыска тизмесине ошондой эле төмөнкү стартаптар кирди:
NUROO — Тилек Жеңишев
Settler AI — Мээрим Каныбекова
Dive into Silicon Valley программасынын кыска тизмеси:
Hosto — Таир Абдыш
WeaveAI — Евгений Ибрагимов
IlimTap — Зафира Ибраева
Ушул жылдын күз айларында жеңүүчүлөр Кремний өрөөнүнө (Silicon Valley) барып, алдыңкы технологиялык компаниялардын, венчурдук инвесторлордун жана дүйнөлүк деңгээлдеги ишкерлердин тажрыйбасы менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул сапар долбоорлорду өнүктүрүүнүн маанилүү баскычы болуп, кыргызстандык стартаптарга эл аралык эксперттик тажрыйбага, инвестициялык мүмкүнчүлүктөргө жана дүйнөлүк рынокторго жетүүгө шарт түзөт.
Startup Battle сынагы Кыргызстанда дүйнөлүк деңгээлде атаандаштыкка жөндөмдүү технологиялык продуктыларды жарата алган жаңы муундагы ишкерлердин калыптанып жаткандыгынын айкын далили болду.






