HTP Logotype.

Кыргызстандык оюн Steam топ-3 демосуна кирип, Rising Tide Challenge сынагында приз алды

Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын резиденти болгон 4Tale студиясы эл аралык аренада чоң ийгиликке жетишти — алардын Steel Ark долбоору Steam платформасындагы топ-3 демо-оюндун катарына кирип, престиждүү дүйнөлүк Rising Tide Challenge демо-оюндар сынагында алдыңкы орундардын бирин ээледи.

Steel Ark дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген ондогон долбоорлорду артта калтырып, оюнчулардын да, профессионалдык коомчулуктун да көңүлүн бурду. Бул Кыргызстандын оюн индустриясы үчүн маанилүү кадам болуп, жергиликтүү команда дүйнөлүк деңгээлдеги долбоор түзө алганын дагы бир жолу тастыктады.

Steel Ark долбоору тууралуу

Steel Ark — бул ачык дүйнөдөгү survival, crafting жана автоматташтыруу элементтери бар биринчи жактан ойнолуучу экшен-оюн. Оюнчу ташталган локомотивди мобилдүү базага айландырып, кооптуу дүйнөнү изилдеп, салгылашып, ресурстарды чогултуп жана өндүрүштү автоматташтыруу аркылуу цивилизацияны кайра калыбына келтирүүгө аракет кылат. Оюнду жалгыз же 4 оюнчуга чейин биргелешип ойноого болот.

Белгилей кетүүчү жагдай — оюнда кыргыз тилиндеги локалдаштыруу буга чейин эле жеткиликтүү. Бул Steel Ark долбоорун кыргыз тилин колдогон алгачкы ири эл аралык оюн долбоорлорунун бири кылат.

Иштеп чыгуучуларыбызды колдоңуздар: Steam аркылуу демо-версияны жүктөп алып, оң пикир калтырып жана досторуңуздар менен бөлүшүңүздөр — Кыргызстан тууралуу дүйнөлүк геймдев коомчулугу билсин.

Демо-версияны баалоо:

Steel Ark демо-версиясы Steam платформасында төмөнкү шилтеме аркылуу жеткиликтүү:
https://store.steampowered.com/app/3985200/Steel_Ark_Demo/

4Tale Production студиясы тууралуу

4Tale Production — Кыргызстандагы көз карандысыз оюн студиясы, эл аралык платформалар үчүн оюндарды иштеп чыгууга адистешкен. Команда Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын резиденти болуп саналат жана аймактагы сүрөтчүлөрдү, программисттерди жана сценаристтерди бириктирген жергиликтүү геймдев-экосистеманы өнүктүрүүгө активдүү катышып келет.